!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Жабылбай калган люк же жолдогу чуңкур жол кырсыгынын себеби болушу мүмкүнбү?


Сиз унааңыз менен люкка же жолдогу чуңкурга кирип кетип, темир тулпарыңыз жабыркаса эмне кылуу керек?


Дароо белгилеп кетели, биз жабыркагандар бар же ден-соолукка зыян келтирилген учурлар тууралуу айтып жаткан жокпуз. Б.а., мисалы, унаанын дөңгөлөгү же кузову бузулган кырдаал жөнүндө.


Биздин өлкөдө жол кырсыгы деп, унаа каражаты жолдо бара жатканда жана анын катышуусу менен болгон окуяда ал жабыркаса, же материалдык чыгым келтирилсе, ушундай учурду түшүнөбүз. Андыктан – ооба, чуңкурга же люкка кирип кетип, унаа жабыркаган учурду жол кырсыгынын категориясына киргизсек болот.


Демек, эгер чуңкурга же люкка кирип кетүү жол кырсыгы деп эсептелсе, бул учурга тиешелүу бардык чараларды көрүү зарыл. Ал тууралуу биз буга чейин жарыяланган макалаларда айтканбыз.

Люк же чуңкур менен учурдун өзгөчөлүгү – Кайгуул милициясынын кызматкери менен бирге окуя болгон жерге анын кесиптеши – жол көзөмөлү инженери келиши керек. Ал жол катмарынын абалы боюнча акт түзүп, люктун капкагы жоктугун каттап алышы керек, эгер чуңкур болсо, анын тереңдигин жана диаметрин. Ал эми эгер жол көзөмөлү инженери келбей калса, анда өзүңүз эле колго акт түзүп алыңыз. Бул учурда сөзсүз күбөлөрдү таап, окуя болгон көчөнүн атылышын, жанында эмнелер бар (имараттардын аталышы, электр мамылар ж.б.) көрсөтүп, сүрөткө дагы тартып алыңыз.

Жол кырсыгынын схемасында унаанын люкка же чуңкурга кирип кетишинин фактысы чагылдырылып, люк же чуңкурдун кыймыл бар жолдогу орду, көчөнүн аталышы/кесилиши, унаанын кырсык болгонго чейин багыты, андан кийинки унаанын абалы ж.б. катталышы керекк (“Жол кырсыгына кабылсаңыз эмне кылуу керек” деген буга чейинки макаланы караңыз)

Кайгуул милициясынын кызматкеринен же жол көзөмөлү инженеринен жолдун бул бөлүгүнө (эгер бул чуңкур болсо), же люкка ким жооп берерин билип алыңыз. Мисалы, суу түтүктөрүнүн люгу болсо (Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан), ага “Бишкексууканалы” ишканасы жооп берет.

Кийинчирээк сиздин унааңыз Кайгуул милициясынын айып токтотмосуна жеткирилет, ал эми сиз алкоголь же баңги зат колдонууга текшерүүдөн өтөсүз.

Андан соң автотехникалык экспертиза жүргүзүлүп, унаага келтирилген чыгым бааланат. Эксперттик уюм тарабынан автотехникалык экспертизаны жол кырсыгын карап жаткан Кайгуул милициясынын иснпектору дайындайт. Автотехникалык экспертизаны жана чыгым баалоону жооптуу уюмдун өкүлдөрү менен бирге жасоого аракет кылуу абзел. Сиз аларды автотехникалык экспертиза жана чыгымды баалоонун өтө турган орду жана күнү жөнүндө алдын ала расмий кат менен маалымдап коюңуз. Расмий катты сиз өзүңүз түзүп, жибересиз же Кайгуул милициясы ыйгарым укуктуу уюмду маалым кат менен чакыра алат.

Мына ушулардан кийин административдик өндүрүш башталат. Кайгуул милициясынын башкармалыгы эң алды менен жол кырсыгында ким күнөөлүү экенин аныкташы керек. Күнөөлүү тарап –  же сиз (эгер, мисалы, оңдоо жумуштары жүрүп жатканын кабарлоочу эскертүүчү жол белгини көрбөй калсаңыз), же жолду/люкту карай турган жооптуу уюм (чуңкурду бүтөбөй койгон, люкту жаппай калган) болушу мүмкүн.

Эгер административдик жоопкерчиликке жооптуу уюмдун директору же жетекчиси тартылса, анда дал ушул нерсе алардын күнөөсүн тастыктаган болот. Ал эми эгер жол кырсыгында сизди күнөөлүү деп табышса, сиз буга макул эместигиңизди сотто талаша аласыз. Эгер сот дагы Кайгуул милициясынын башкармалыгынын чечимин күчүндө калтырса, кайрадан арызданып убара болууну кажети жок.

Андан соң сиз жол кырсыгында пайда болгон чыгымды толтуруу боюнча даттануу менен жооптуу уюмга кайрылууңуз керек. Катка бардык тиешелүү документтерди тиркеп, чыгымды баалоонун негизинде анын эсебин жазыңыз. Чыгымды белгиленген мөөнөттө толтурууну талап кылыңыз! Адатта, бул мөөнөт 30 күндү түзөт.


Эгер чыгым көрсөтүлгөн мөөнөттө толтурулбаса, сотко кайрылыңыз! Бул учурда жооптуу уюмга дооматыңызды кат түрүндө бекитүүнү унутпаңыз.


Ийгилик жана шыдыр жол каалайбыз!


Эгер сиз жолдо ачык люкту же чуңкурду көрүп калсаңыз көңүл кош өтүп кетпеңиз, жол кыймылынын башка катышуучуларын дагы бул тууралуу кабарлап, Бишкек шаарынын мэриясынын чукул таасир этүү кызматына 185 кыска номери боюнча чалып, билдирип коюуңуз!


Макаланын автору:

Иванов Артем

Макала КРнын мыйзамдарына 2017-жылдын

15-ноябрына карата

актуалдуу 

Поделиться