!
Регистрация
Поддержка: +996500288644

Токто, унаа: жоо адамдар!


Кутмандуу күнүңүздөр менен, урматтуу авто сүйүүчүлөр!


Ар бир айдоочуну (кээ бирөөнү бир эмес, эки-үч жолу) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жөө адамды талап кылынган жерден өткөрбөй койгондугу үчүн токтотуп, айып салышса керек.


Айрым учурларда, жөө адамдар жолдун бет маңдай тарабында болуп, шашпай басып же, жолду кесип өтүү ниети жок жөн гана “зебрада” турушу мүмкүн. Мындай учурда, биз ЖКККББнын кызматкерлери менен талашып-тартышып, айрым учурларда айып төлөөгө мажбур болобуз.


Бул макаладан сиз, айдоочу жөө адамдарга арналган жолдон өтүп бара жатып, кандай жол эрежелерин билиши керек, ошону менен бирге, жөө адамдарга тоскоолдук жаратпашы керек экенин биле аласыз.


Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын Эрежелеринин 14.1 пунктуна ылайык, “Транспорт каражатынын айдоочусу жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлү аркылуу жүрүүчү бөлүктөн өтүп бараткан жөө адамдарга жол берүүгө милдеттүү”.


Бул пунктта, “жол берүүгө милдеттүү” деп баардыгы түшүнүктүү жазылып турат бирок, 1.2 пунктта “жол берүү (тоскоолдук түзбөө)” деген түшүнүктүн мааниси кеңири ачылган: Эгерде кайсы бир жол кыймылынын катышуучусунун кыймылды баштоого, улантууга же кыймыл багытын өзгөртүүгө болгон аракеттери ага караганда салыштырмалуу артыкчылыгы бар башка жол кыймылынын катышуучуларынын кыймыл багытын же ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлай турган болсо, ал жол кыймылынын катышуучусуна жогорудагыдай аракеттерди жасоого болбой тургандыгын билдирүүчү талап”.


Демек, айдоочу жөө адамга тоскоолдук жараптай же, аны багыты менен ылдамдыгын өзгөртүүгө мажбурлабаса, айдоочу жолун улантып же, жөө адам өткөөлүнөн токтобостон кете берсе болот.


Мисалы, сиз жол чырактын жашыл түсүнө оңго бурулуп жатсаңыз, эреже боюнча, сиз жөө адамга жол бошотуп беришиңиз керек. Ал эми, Жол кыймылынын эрежелеринин 1.2 пунктуна ылайык, сиз тоскоолдук жаратпасаңыз (мисалы, жөө адам жолдун башка тарабында болсо, же сиздин унаадан өтө алыс турса), оңго бурулууга уруксаат берилген.


Бирок, ЖКККББнын кызматкерлерине муну кандай далилдеш керек?


Биринчиден, Жол кыймылынын эрежелеринин тиешелүү пункттарын эске тутуп, керек болсо аларды компьютерден басып чыгарып, унаада ала жүрүү керек. Экинчиден, автоунаада видео каттоо болгону жакшы.


Тилекке каршы, мындай шарттарда дагы сиз ЖКККББнын кызматкерлерин чындык сиз тарапта экенине ынандыра албашыңыз мүмкүн. Жол кыймылынын эрежелерин бузууда сизде айып жок экенин сиз – административдик укук бузуу боюнча токтомго даттануу менен, сотто далилдей аласы. Бул үчүн, албетте, кошумча чыгым менен күч керектелет. Ошондо дагы, сот сизди актап, токтомду жокко чыгараарына кепилдик жок.


Айдоочулук күбөлүктү кайтарып алуу жана талашып-тартышууга кеткен убакыт менен күчтүн ордуна, саналуу секунд күтө туруп, жөө адамды өткөрүп коюу жакшы.


Мындан тышкары, айдоочу төмөндөгү эрежелерди билиши керек:


Эгерде жөнгө салынбаган жөө адам өткөөлүнүн алдында транспорт каражаты токтоп калса же кыймылын жайлатса, анын жанындагы тилкелерде келаткан башка транспорт каражаттарынын айдоочулары токтоп калган транспорт каражатынын алдында жөө адамдар жок экендигине ынангандан кийин гана кыймылын уланта алат.


Эгерде өткөөлдө эл толуп кетсе, ал жөө адам өткөөлүнө айдоочунун токтошуна мажбурласа, ал жөө адам өткөөлүнө чыгууга тыюу салынат.


Эгерде транспорт каражатына отургузуу же андан түшүрүү жүрүүчү бөлүктөн же анда жайгашкан отургузуу аянтчасынан жүргүзүлүп жатса, айдоочу аялдамада токтоп турган маршруттагы транспорт каражатына карай бараткан же андан (эшик тараптан) келаткан жөө адамдарга жол берүүгө тийиш.


"Балдарды ташыйт" деген таануу белгиси бар токтогон транспорт каражатына жандап келатканда айдоочу ылдамдыкты азайтууга, зарылчылык болгон учурда токтоого жана балдардын тобун өткөрүүгө тийиш.

Урматтуу окурмандар, сиздерге тартиптүү жөө адамдарды жана ЖКККББнын акыйкат кызматкерлерин каалайбыз! 

Поделиться